Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканы айткандай келген, айтканы ката кетпеген, сүйлөгөн сөзү сыйкырдуу, таасирдүү күчкө ээ деген мааниде. Тилинде сөөлү бар зайып айтаар наалат-каргышын жаадырып жатты (Сыдыкбеков). В.: Таңдайында сөөлү бар. Бал тилиңди салганда, Таш да болсо эриткен Таңдайда сөөлүң бар экен («Эр Табылды»). Тамагында сөөлү бар. Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, Тамагында сөөлү бар («Манас»). Тилинде мөөрү бар. Перинин кызы Айсалкын Касиеттүү жан экен, Тилинде мөөрү бар экен («Эр Төштүк»). Айтканы ката кетпеген, Тилинде мөөрү бар экен (фольк.).